Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Мекендештер» форуму өтөт

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 161 | 0

Бишкекте 14-ноябрда «Мекендештер – 2023» форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Форум өлкөнүн аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна чект жакта жургөн мекендештердин потенциалын тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун кызматташуусун түзүү максатында өткөрүлөт.

Иш-чарада өлкө аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, инновациялык жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү тууралуу сөз болот.

Чет өлкөдөгү мекендештердин Кыргызстан менен маданий-тарыхый байланыштарын колдоо боюнча сунуштары каралат.

Иш-чара 14-ноябрда «Новотель» мейманканасынын чоң залында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM