Бишкекте Сауд Аравиядан келген хирургдар жүрөккө акысыз операция жасоону баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Аравиядан келген хирургдар менен жолугушту. Алар бир жуманын ичинде кыргызстандыктар үчүн жүрөккө ачык операция жана коронарография жасашат.

10-ноябрдан 17-ноябрга чейин Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу келген 30 хирург кыргызстандык адистер менен бирге Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрөккө 20 ачык операция, ал эми М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда 50дөн ашык стент коюу операциясы жасалат. Адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.

Буга чейин Сауд Аравиядан келген хирургдар Кыргызстанда 100гө жакын бейтаптын жүрөгүнө акысыз операция жасай турганы белгилүү болгон.