Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жаңы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт

Кыска кабар | 11 Ноя 2023 | 172 | 0

Бишкекте жаңы муниципалдык автобустарга ылдамдыкты чектөө программасы орнотула турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт.

«Жаңы программа ылдамдыкты гана чектебестен, катуу токтотууну, GPS-трекерин мыйзамсыз өчүрүүнү жана айдоочулардын айдоо ыкмасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого мажбурлоо максатында кабыл алынууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM