Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык самбочу Арменияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш медалга тагынды

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2023 | 1145 | 0

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Белек Бараканов Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 64 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып алгач 1/16 финалдык беттеште тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште америкалык балбанды жеңген.

Чейрек финалдык беттеште италиялык спортчуну жеңип, жарым финалда монголиялык балбанды утуп финалга жолдомо алган.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште орусиялык балбанга жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM