Биз менен байланышыңыз

Араванда мамлекеттик дарыкана ачылды

Кыска кабар | 11 Ноя 2023 | 135 | 0

Араван Жалпы дарыгерлик практика борборунун эмканасынын базасында мамлеклекеттик «Эл Аман» дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Мамлекеттик дарыканада жеке жактарга салыштырмалуу дары-дармектер 15-20% арзан баада сатылат. Мындан сырткары, баа саясатын турукташтыруу жана калк муктаждыгына жараша жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт.

Эске салсак, жалпысынан 46 мамлекеттик дарыкана уюштурулат, анын 10у борбордо, жетөө Чүй облусунда, алтоо Баткен облусунда, бешөө Ош облусунда жана үчөө Ош шаарында. Жалал-Абад облусунда дагы беш, Ысык-Көл облусунда төрт, Талас жана Нарын облустарында үчтөн дарыкана ачылат.

28-октябрда Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылган. 1-ноябрда Ош шаарында ушундай эле дарыкана ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM