Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Кыска кабар | 10 Ноя 2023 | 297 | 0

Илияз Иманбетов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка караганда, ал башка кызматка өттү.

Иманбетов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп 2022-жылы сентябрда дайындалган. Ага чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM