Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө араб лидери Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымын берүү жөнүндө мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамды Министрлер кабинети сунуштаган. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев, атты ыйгаруу үчүн Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын тургундары менен макулдашуу болгонун, алар колдоп бергенин айткан. Ошондой эле бул демилге Кыргызстан менен Бириккен арап эмираттарынын кызматташтыгын бекемдөө максатында көтөрүлгөнүн билдирген.
Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө «Король Абдулазиз» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору да сунушталган.
Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян — Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти.