Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан, кар жаайт, тоолуу аймактарда да кар жаайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 14…19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Нарыноблусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 17…19 градус болот.