Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда илимдин 125 доктору жана 280 кандидаты бар

Кыска кабар | 10 Ноя 2023 | 772 | 0

Бүгүн, 10-ноябрь — Кыргызстанда илим күнү. Бул датага карата Улуттук статистика комитети маалыматтарды чыгарды.

1943-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы ачылып, директорлугуна Константин Иванович Скрябин дайындалган. Бул жыл Кыргызстанда илимдин калыптанышы катары эсептелип келет.

1954-жылы филиал Кыргыз ССР Илимдер академиясы болуп кайра түзүлүп, президенттигине Иса Коноевич Ахунбаев бекитилген. Ошол учурда академияда 203 илимий кызматкер эмгектенип, алардын 12си илимдин доктору, ал эми 83ү илимдин кандидаты болгон.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1993-жылы Илимдер академиясы Кыргыз улуттук илимдер академиясы деген аталышка өзгөртүлгөн.

2022-жылы академияда 1235 адам иштеген, алардын 125и илимдин доктору, 280и илимдин кандидаты болгон. Кызматкерлердин 52%ын аялдар түзөт.

2022-жылдагы илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттен 791 млн сом сарпталып, 2018-жылга салыштырмалуу 19%га өскөн.

2022-жылы республикада 69 илимий уюм болуп, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө 33%ы жана академиялык сектор уюмуна 30%ы туура келген.

2022-жылы жогорку окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлери менен кошо эсептегенде илимий изилдөө жүргүзгөндөр, иштеп чыгууларды аткаргандар 7 миңден ашкан.

2022-жылы 2 миң 200 аспирант болгон, алардын көбү медицина (21%), педагогика (16%), экономика (11%) жана юридика (10%) тармактары боюнча изденишүүдө.

2022-жылы 236 докторант катталган. Аспиранттардын да, докторанттардын да 60%га жакыны — аялдар.

Copyright © 2017 Maral FM