Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Kaktus.media боюнча чечим чыгарды

Кыска кабар | 10 Ноя 2023 | 292 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Сот «Вечерний Бишкек» гезитинин Kaktus.media басылмасына карата доо арызы боюнча чечим чыгарды.

Ага ылайык, Kaktus.media басылмасынын журналисти Диля Юсуповага салынган 500 миң сом айып 100 миң сомго түшүрүлдү. Ал эми басылманын өзүнө салынган 500 миң сом айып ошол бойдон калды.

Эске салсак, «Вечерний Бишкек» гезити Kaktus.mediaны быйыл кышында сотко берген. Ага гезиттин жабылышы жана кызматкерлердин жумуштан бошотулушу тууралуу Kaktus.mediaнын макаласы себеп болгон.

Жалпы доо 50 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен 25 миллион сом журналист Дили Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынган. Калган 25 миллион сом басылманын өзүнөн талап кылынган.

Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомунун доо арызын жарым-жартылай канааттандырган. Журналист Диля Юсупова 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

Райондук соттун чечимине макул болбогон тараптар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бул чечимдин үстүнөн даттануу Жогорку Сотко өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM