Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды

Кыска кабар | 6 Ноя 2023 | 407 | 0

Бишкекте борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында дагы эки «Эл Аман» деп аталган мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик дарыканалар №1 жана №2 үй бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун Жал кичи районундагы филиалынын базасында уюштурулган.

Министрлик билдиргендей, өлкө боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу иштери жүрүүдө. Келечекте дары-дармектердин түрлөрүнүн 800 аталыштан 2000ге чейин көбөйтүү пландалууда.

Жалпысынан 46 мамлекеттик дарыкана уюштурулат, анын 10у борбордо, жетөө Чүй облусунда, алтоо Баткен облусунда, бешөө Ош облусунда жана үчөө Ош шаарында. Жалал-Абад облусунда дагы беш, Ысык-Көл облусунда төрт, Талас жана Нарын облустарында үчтөн дарыкана ачылат.

28-октябрда Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылган. 1-ноябрда Ош шаарында ушундай эле дарыкана ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM