Биз менен байланышыңыз

Дональд Лу Казакстан, Өзбекстан, Индияны кыдырат

Кыска кабар | 6 Ноя 2023 | 214 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Казакстан, Өзбекстан, Индияны кыдырат.

Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментине шилтеме берүү менен жазды.

Дональд Лу баштаган АКШ делегациясынын Борбор Азияга сапары сентябрда өткөн C5+1 саммитинин жетишкендиктерин бекемдөөнү көздөйт.

Дональд Лу Астанада Казакстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, АКШ-Казакстан стратегиялык өнөктөштүк боюнча кеңейтилген диалогго катышат. АКШ менен Казакстан эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди, анын ичинде саясий жана коопсуздук жаатындагы кызматташуу, экономикалык өнөктөштүк жана адам укуктарын коргоону талкуулашат.

Ал ошондой эле аялдардын жана кыздардын укуктарын, маалымат каражаттарынын эркиндигин жогорулатуу максатында жарандык коом менен жолугушат.

Андан соң Дональд Лу АКШ делегациясы менен Өзбекстандын борбору Ташкентке барат. Визит алкагында өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, Вашингтон менен Ташкенттин коопсуздук өнөктөштүгүн кеңейтүү, аймактык чакырыктарды чечүү жолдорун талкуулоо, элдин ортосундагы байланышты чыңдоо, сооданы диверсификациялоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жолдорун талкуулайт.

Ошондой эле адам укуктары боюнча иш алып барган жарандык коом уюмдары менен жолугушуулар пландалган.

Мындан тышкары, Дональд Лу Индияга барып, АКШ-Индия 2+2 министрлер диалогунун алдында өнөктөштөрү менен жолугуп, аймактык жана глобалдык маселелер боюнча стратегиялык координацияны, таза энергетика жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты талкуулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM