Биз менен байланышыңыз

Чүй каналында чакан ГЭС иштетиле баштады

Кыска кабар | 6 Ноя 2023 | 438 | 0

Биринчи айланма Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин ишин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров көрүп чыкты.

Жапаров Энергетика министрлигине жана Суу чарба кызматына сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестицияны И.Раззаков атындагы Кыргыз  мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы «КОНАС» илимий-инженердик борбору тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM