Биз менен байланышыңыз

Өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкерлеринин дагы бири көз жумду

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 5110 | 0

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкерлеринин экинчиси Орозмамат Акуналиев да көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөчү Орозмамат Акуналиевдин абалы оор бойдон ооруканада болчу. Бүгүн 5-ноябрда ага операция жасалган. Тилекке каршы операциядан чыккандан көп өтпөй көз жумган.

27-октябрда саат 15:30 чамасында бензин ташыган унаа Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бара жатканда оодарылып кетип, өрттөнө баштаган.

«Хонда-СРВ» автоунаасы менен иш сапарга байланыштуу кетип бара жатышкан Кызыл-Кыя шаардык милициясынын тергөөчүсү, 30 жаштагы капитан Орозмамат Акуналиев менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, 41 жаштагы майор Дилмурат Шамшиев «өрттү өчүрөбүз, айдоочуга жардам беребиз» деп жатып, өздөрү да өрткө чалдыгып, ооруканага жеткирилген. Милициянын ыкчам кызматкери Дилмурат Шамшиев 1-ноябрда алган жарааттарынан улам каза тапкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM