Биз менен байланышыңыз

Ошто палестин элине тилектештик билдирген митинг өттү

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 571 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаарындагы Ататүрк паркында палестин элине тилектештик билдирген митинг болуп өттү.

Тынчтык митингине 100дөн ашык адам катышты. Митингдин уюштуруучусу «ЭрК» саясий партиясы. Анын жетекчиси мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу. Катышуучулар «Палестинага эркиндик», «Геноцидди токтоткула» деген чакырыктарды таштап, Палестинанын желектерин көтөрүп чыкты.

Ошондой эле Газа секторундагы палестиндиктерге акчалай жардам чогултулду.

Ушундай эле тилектештик митинги 28-октябрда Бишкек шаарында да болуп өткөн. Ага 500дөн ашык адам катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM