Биз менен байланышыңыз

Байсалов бала бакчадагы ысык тамак маселеси боюнча үн катты

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 364 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырды. Ал бул тууралуу жакырчылык жана теңсиздик темасы талкууланган форумда билдирди.

Анын айтымында, мамлекет жакынкы жылдары мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо көлөмүн бир нече эсе көбөйтүүнү пландоодо. Бала бакчалардын имараттарын куруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына бир топ субсидиялар бөлүнүп, жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү программалары иштелип чыгып, эрте куракта өнүктүрүү ыкмалары активдүү өздөштүрүлүүдө. Лицензиялоо талабы алынып салынды жана башка жөнгө салуучу ченемдер бир топ жеңилдетилди.

«Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калат. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек? Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгээлинде болсо, совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок.

Бүгүн биз социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылмакчыбыз. Мамлекет аларды бала бакчага орун берүү жана тамак-аш түрүндө кошумча субсидиялар менен колдоосу керек. Мамлекетибиздин чектелүү ресурстарын баарына таратып берүү мүмкүн эмес. Анда ал эч кимге жетпейт», — деди Эдил Байсалов.

Финансы министрлиги 1-ноябрда Кыргызстанда мындан ары бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.

Мекеме «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деген жүйө келтирген.

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамактын акчасына байланыштуу маселе кайра каралып чыгарын айткан.

«Ата-эне төлөбөшү керек». Бала бакчалардагы ысык тамак маселеси кайра каралат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM