Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө инсульттун алдын алуу максатында бир айлык жарыяланды

Ден соолук , Коом | 3 Ноя 2023 | 3919 | 0

Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк инсульт күнүнө карата бир айлык жарыяланды. Демилге дарттын алдын алуу жана биринчи симптомдорун эрте аныктоо максатын көздөйт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө калктын 53%ы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапса, анын жарымы инсульттан көз жумат. Министрлик буга байланыштуу «Сокку» жол картасын иштеп чыкты, анын аркасы менен инсульттун симптомдорун билүүгө болот.

Өлкөдө инсульттун алдын алуу жана биринчи симптомдорун эрте аныктоо максатында бир айлык жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева Кыргызстанда калктын 53%ы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болсо, анын жарымы инсультка туура келерин билдирди.

Ал буга байланыштуу «Сокку» жол картасы иштелип чыкканын, анын аркасы менен инсульттун симптомдорун билүүгө болорун белгиледи.

Мындан тышкары Ибраева оорунун белгилери тууралуу айтып берди.

«Инсульттун эң биринчи белгилери адам күлө албай калат, ооздун бир учу ылдый болуп, жылмая албай калат. Бейтап бир учурда эки колун өйдө көтөрө албайт, бир колу күчсүз болот. Ошондой эле ал сүйлөө речи бузулуп, түшүнүксүз сүйлөп калат. Мындай учурда дарыгерде оорулунуу аман сактап калуу үчүн 4-5 саат гана убактысы болот. Мындай жөнөкөй ыкмалар менен инсультка кабылган адамда мээнин кан тамыр оорусун аныктоого болот. Мээнин кан тамырынын курч оорусу ар бир үй-бүлөдө болушу мүмкүн, андыктан аны кантип таанууну ар бир адам билиши керек».

Министрликтин маалыматына караганда, калкты сапаттуу тейлөө үчүн облустук ооруканаларга компьютердик томографтар орнотулган. Беш облустук оорукана мээнин кан тамыры бузулган бейтаптарды аныктоого жардам бере турган жабдыктар менен жабдылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин кызматкери Алина Алтымышева билдиргендей, Кыргызстанда улуу курактагы калктын 43%ы гипертония менен жабыркайт.

Анын айтымында, анын ичинен 4,3 пайызы гана ооруканаларга келип, дарыларды колдонушат.

«Эгер биз инсультка чалдыгуулардын санын азайтууну кааласак, анда биринчи кезекте кан басымы 140/90дон жогоркулар менен иштешибиз керек. Гипертония менен ооругандардын инсульт алуу коркунучу 3-4 эсе жогору. Ошондой эле атайын дары-дармектер бар, алар жаңы тромболитиктер. Эгерде алар инсульттан кийин алгачкы 4 саатта берилсе, анда бейтаптын аман калуу жана майып болуп калбоо мүмкүнчүлүгү жогору. Инсульттан кийинки реабилитация маанилүү фактор болуп саналат, анткени инсульттун кайталануу коркунучу жогору. Мындан тышкары профилактикага көңүл бурбай коюуга болбойт. Тамеки тарткандар, спирт ичимдиктерин ичкендер же канттын деңгээли жогору болгондор алардын абалын тыкыр көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылышы керек».

Расмий маалыматтарга таянсак, 2020-жылы бул илдеттен 40 миңге жакын адам каза болсо, алардын 20 миңден ашыгы инсульт жана инфаркт сыяктуу оорулардан көз жумган.

Өлкө жүрөк-кан-тамыр ооруларынан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда турат.

Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы, невропатолог Жамал Тургунбаев Кыргызстанда көпчүлүк учурларда инсультка алып келе турган эң негизги үч ооруну атады.

Дарыгердин айтымында, алар — кант диабети, гипертония, атеросклероз.

«Тузду чектөө, артериялык кан басымды көзөмөлдөө, кыймылдуу жашоо образы, туура тамактануу бул оорулардын баарын, анын ичинде инсультту алдын алат. Инсульт менен күрөшүүгө караганда алдын алуу оңой.  Кыргызстанда инсульт менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн адистештирилген 138 керебет бар, алардын көбү Бишкекте — Улуттук госпиталда, №1 шаардык клиникалык оорукананын жана Тез жардам кызматынын базасында, Ош шаарында жана Нарын да атайын бөлүмдөр бар. Мындан тышкары 38 реанимация бөлүмү иштеп жатат».

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору буга чейин «Тез жардам кардиология» программасын ишке киргизген. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан бейтаптарга жеткиликтүү, сапаттуу, ыкчам жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Программанын алкагында check-up кызматы да бар. Ал аркылуу борборго кайрылган жарандар акысыз кан басымын, кандагы канттын көрсөткүчүн жана башкаларды аныктай алышат. Кызматтын артыкчылыгы: анализдердин жыйынтыгы кыска убакытта чыгат. Ошондой эле борбор жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган бейтаптарды жаңы технологиялык ыкмалар менен дарылоодо.

Copyright © 2017 Maral FM