Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы жыл соңуна чейин толук чечилет

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 414 | 0

Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоону жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу «Жакырчылык жана теңсиздик» улуттук форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өкмөттөр аралык комиссияга 2024-жылга чейин чек араны тактоо иштерин бүтүрүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан 57 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган.

Июнь айында Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.

Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM