Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Астана шаарына барды

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 175 | 0

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Мамлекет башчы сапардын алкагында 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын онунчу саммитине катышат.

Саммиттин алкагында президенттер уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM