Connect with us

Өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкери көз жумду

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 2142 | 0

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

27-октябрда саат 15:30 чамасында бензин ташыган унаа Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бара жатканда оодарылып кетип, өрттөнө баштаган.

«Хонда-СРВ» автоунаасы менен иш сапарга байланыштуу кетип бара жатышкан Кызыл-Кыя шаардык милициясынын тергөөчүсү, 30 жаштагы капитан Орозмамат Акуналиев менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, 41 жаштагы майор Дилмурат Шамшиев «өрттү өчүрөбүз, айдоочуга жардам беребиз» деп жатып, өздөрү да өрткө чалдыгып, ооруканага жеткирилген.

Учурда тергөөчү Орозмамат Акуналиевдин абалы оор. Милициянын ыкчам кызматкери Дилмурат Шамшиев 1-ноябрда алган жарааттарынан каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM