Биз менен байланышыңыз

3-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 275 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облусунда түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM