Биз менен байланышыңыз

Макрон менен Мирзиёев түнкү Самаркандды кыдырды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 587 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Өзбекстанга расмий сапар менен барган биринчи күнү өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен түнкү Самаркандды кыдырды.

Президенттер ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Регистан» архитектуралык жайында болушту. Макрон чыгыш архитектурасынын уникалдуу жасалгасы, ал жайга байланыштуу маанилүү окуялар жана инсандар менен тааныштырылды.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы француз лидеринин сапары Самаркандда өтүп жатканы жана “Регистандан” башталганы символикалуу экенин белгилейт.

«Азия менен Европада болуп өткөн тарыхый өзгөрүүлөргө улуу колбашчы, сооданын жана илимдин колдоочусу Сахибкиран Амир Темур чоң таасирин тийгизген. XV кылымда анын урматына Парижде «Европаны боштондукка чыгаруучу» деп эстелик тургузулган. Амир Темур менен Франциянын королу Карл VI бири-бири менен кат алышып, саясий маселелерден тышкары соода-экономикалык мамилелерге да көп көңүл бурушкан» , — деп айтылат маалыматта.

Президенттер «Улуу Жибек жолу» эл аралык туристтик борборундагы «Түбөлүк шаар» тарыхый-этнографиялык паркында болушту. Тараптар Самарканд дүйнөлүк цивилизациянын байыркы бешиктеринин бири катары даңазаланып, саммиттердин жана туризмдин эл аралык борборуна айланып баратканын белгилешти.

Француз президентинин сапарынын алкагындагы негизги иш-чаралар, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр бүгүн, 2-ноябрда өтөт.

Эммануэл Макрон 1-ноябрда Казакстанга барды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM