Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 168 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Тараптар «Борбор Азия — Корея Республикасы» 16-форумуна катышуунун алкагында Ашхабадда жолугушту.

Анда Кулубаев Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даярдыгы билдирген.

1-ноябрда Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форуму өттү.

Форумдун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосундагы транспорт жана логистика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү, экология жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору Форумдун гибриддик форматтагы панелдик сессияларына катышып, анда Борбордук Азия жана Корея кесиптештери менен көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев форум түзүлгөндөн бери бул платформа Борбордук Азия мамлекеттери жана Корея Республикасы ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн эффективдүү консультациялык механизм экендигин белгиледи.

16-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алып, 2024-жылга иш планын бекитишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM