Биз менен байланышыңыз

2-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 678 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-2-ноябрь күндөрү өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт.

Эртең, 2-ноябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM