Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кыргыз милициясынын түптөлгөн күнү. Президенттин куттуктоосу

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 315 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Жапаров белгилегендей, ички иштер түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагына олуттуу көңүл бурулууда.

Президенттин пикиринде, борбор шаардан баштап, өлкөнүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарга чейин азыркы учурда кылмыштуулук менен болуп жаткан аёосуз күрөштүн натыйжасы сезилиши керек. Ошондо элдин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними артат.

«Учурдун талабына ылайык, министрликтин бардык түзүмдөрүндө санариптештирүү жана башка заманбап технологиялардын колго алынышы кызматкерлердин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп, элдин милицияга болгон ишеничин бекемдөөдө. Өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган кадырлуу ардагерлер, сиздер азыр да четте калбай мол тажрыйбаңыздарды жаш кызматкерлер менен бөлүшүп, коомдук тартипти сактоого өз салымыңыздарды кошуп жаткандыгыңыздар мени кубандырат. Сиздер басып өткөн жол жаш кызматкерлер үчүн ар дайым үлгү болот» , — деди өлкө башчы.

Кыргызстанда 1-ноябрь ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленет. Быйыл кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө 99 жыл болду.

Кыргыз милициясы 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун чечими менен түзүлүп, анын жетекчилигине Аркадий Арумов дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM