Биз менен байланышыңыз

Израил Газадагы качкындар лагерине абадан сокку урулганын тастыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 690 | 0

Израил армиясынын маалымат катчысы Даниэл Хагари Газадагы Жабалия качкындар лагерине абадан сокку урулганын тастыктады.

Анын маалыматына караганда абадан жасалган соккулардын натыйжасында ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Ибрахим Биарий өлтүрүлүп, алардын жер астындагы инфратүзүмү талкаланган.

Кечээ, 31-октябрдын кечинде ХАМАС кыймылы Газа секторундагы Жабалия качкындар лагерине Израил абадан сокку урганын, анда 47 адам каза тапканын билдирген.

«Жабыркагандар саны 150дөн ашык, ал эми урандылардын астында дагы ондогон адамдын сөөгү болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM