Биз менен байланышыңыз

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси болду

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 243 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп да иштей турган болду.

Султанбаев президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 18-майдагы жарлыгына ылайык, президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп келди. Ага чейин президенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси буга чейин Эрмек Ибраимов болгон. Ал бул кызматка 2019-жылдын июнь айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM