Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Орунтаев мыйзамсыз курулуштарды алууну улантууда

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 260 | 0

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери шаардагы Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилерди демонтаждоо иштерин улантууда.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Bellagio Coffee кофеканасынын жарнамалык бастырмалары, мыйзамсыз орнотулган шлагбаум жана башка жарнак объектилери демонтаждалды. Мэрия аталган кофекананын жарнактарынын жазуусу тил талаптарына жооп бербегенин билдирди.

Жеринде башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Bellagio Coffee кофеканасы жакында эле социалдык тармактагы баракчасына кыргызча сүйлөгөн айрым кардарларды тамашага салган кыска видео чыгарган. Бул коомдо катуу нааразылык пайда кылып, аталган кофекананын SMM кызматкери иштен алынганы маалым болгон.

Скрин вице-мэр Нурдан Орунтаевдин социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM