Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 179 | 0

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Төө-Ашууда кар калың жап, Жайыл районунун «Сосновка» көзөмөл өткөрмө жайында оор жүк ташуучу анаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Азыркы учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-2-ноябрь күндөрү өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM