Биз менен байланышыңыз

30-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Окт 2023 | 171 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кызгидромет билдиргендей, 30-октябрга караган түнү Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Талас облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM