Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары келди (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 344 | 0

Кыргызстандын чек ара кызматынын куралдануусуна эң заманбап «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары келип түштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, жаңы «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн учкучсуз учуучу аппараттардын базасы менен таанышты.

Мамлекет башчысы базанын инфраструктурасы жана учкучсуз учуучу аппараттардын мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча күжүрмөн күзөтүн уюштуруу менен да таанышты.

Өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганы айтылды.

Иш-чаранын соңунда президент Түркиянын жараны, Baykar Defence компаниясынын башкы директору Байрактар Лютфю Халукту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Даңк» ордени менен сыйлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM