Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында жаңы өткөрмө бекети ачылды

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 211 | 0
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра жергесинде жайгашкан жаңы «Чаар-Кудук» көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты.
Өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган.
Жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана кыйла татаал тилкесин кайтарат жана «Каркыра» чек ара кызматына тиешелүү.
Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөө жана «Үч-Суу», «Кичи-Чоң-Жыңалач» жана «Турук» жайлоолоруна кире беришинде мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат.

Президент Садыр Жапаров чек арачылардын көңүлүн өзгөчө кызматтык тартипти жана аскердик этиканы сактоого, аларга жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга бурду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM