Биз менен байланышыңыз

Бишкектин тургундары көмүрдү кайдан сатып алса болот?

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 320 | 0

Бишкек мэриясы шаар тургундары көмүрдү кайдан жана канча сомдон алса болорун кабарлады.

Ленин районунда:

  1. Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрү 4700 сомдон;
  2. Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги «Кара-Тоо» (мурдагы «Торг-Синтез») ЖЧКсында «Кара-Жыгач» көмүрү 6000 сомдон;
  3. Мурманск көчөсү, 122 же 122а дарегиндеги «Береке» ЖЧКсында «Кара-Кече» көмүрү 5500-6500 сомдон жогору;
  4. Мурманск көчөсү, 1б дарегиндеги «Беш Сары » ЖЧКсында «Кара-Кече» көмүрү 5500 сомдон;
  5. Дэн Сяопин проспекти, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрү 4700 сомдон;
  6. Дэн Сяопин проспекти, 308/4 дарегиндеги жеке ишкер Болотбековдун кампасында «Кара-Кече» көмүрү 5800 сомдон;
  7. Мурманск көчөсү, 1б дарегиндеги «Алтын» корпорациясында «Шабыркүл» көмүрү 6000 сомдон;
  8. Алыкулов көчөсү, 6б дарегиндеги жеке ишкер Абиев Нурландын кампасында «Кара-Кече» көмүрү 4700 сомдон.

Биринчи Май районунда:

  1. Ак-Босого конушу, Профессор Зима көчөсү, 156а дарегинде кабына 220 сомдон, тоннасына 6000 сомдон, жалпы 30 тонна көмүр бар;
  2. Щербаков көчөсү 121 дарегинде кабына 200 сомдон, 200 кап көмүр бар;
  3. Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде кабына 210 сомдон, тоннасына 6000 сомдон, ошондой эле сорттолгон көмүрдүн тоннасы 7000 сомдон, 60 тонна көмүр бар;
  4. Алтын-Бешик жаңы конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде кабына 250 сомдон, тоннасына 6000 сомдон, 70 тонна көмүр бар;
  5. Дэн Сяопин көчөсү, 531 дарегинде кабы 280 сомдон, 10 тонна көмүр бар.

Андан тышкары кышка жакын 15-20 стационардык түйүн ачылат.

Октябрь району боюнча Төкөлдөш конушунун «Аламүдүн» станциясындагы «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсында «Кара-Жыгач» көмүрү тоннасына 6200 сомдон сатылып жатат.

Свердлов району боюнча Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 отун база бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM