Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЕАЭБ өкмөттөрүнүн жыйыны өтүп жатат

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 205 | 0

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны аяктап, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжасын жогорулатууда дагы бир маанилүү кадам болоруна ишеним билдирди.

«Тар форматта өткөн жыйында конструктивдүү сүйлөшүүлөр орун алат деп үмүттөнөм. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан боордош мамлекеттер катары элибиздин жана Биримдигибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселе боюнча бирдиктүү пикирге келерибизге ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Жалпысынан ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында 30га жакын маселе каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM