Биз менен байланышыңыз

Ноокат: Окуучулар туура тамактанууга умтулат

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 134 | 0

Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча иш- чаралардын алкагында, Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Камалидин Надыров атындагы орто мектебинин окуучуларына туура тамактануу боюнча маалыматтар берилди.

Жугуштуу эмес оорулар менен жугуштуу оорулардын айырмасы, пайдалуу жана зыяндуу тамактар боюнча окуучулар өздөрү да ой бөлүштү.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоордун биринчи фазасы Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыды. 2022-жылдын июль айынан баштап долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM