Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору 52 депутаттын «макулдугу», 7 депутаттын «каршылыгы» менен биринчи окууда кабыл алынды. Долбоордун автору депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлерди экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду.
Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова «каршы» добуш берген. Анын пикиринде, бейөкмөт уюмдардын зыяны деле жок.
«Мен «каршы» добуш бердим. Себеби, ал мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексине да өзгөртүү киргизилген, он жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Ушул нерсе үчүн каршы болдум. Анткени чет элдик өкүлдөр менен иштешип эле жүрөбүз. Жаман иш-аракеттерин көргөн деле эмесмин».
Эл өкүлү Айбек Осмонов өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн «макул» добушун берген.
«Мен макул болдум. Себеби, биздин мамлекетте кооопсуздук болушу керек. Башка мамлекетте деле коопсуздук бар да. Бирок бир-эки сунушум бар, аны кат жүзүндө жөнөтөм».
«Ыйман Нуру» фракциясынын өкүлү Нуржигит Кадырбеков бүгүн добуш бере алган эмес. Бирок сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда карама-каршылыктар көп кездешерин айтат.
«Карама-каршы келген учурлары болуп жатат. Мисалы, ким кайсыл жактан киреше таап жатат, муну көзмөлдөгөнү туура. Себеби мамлекет ар бир тыйынды билиши зарыл. Бирок, жакшынакай эле иштеп жаткан уюмдар бар да. Мисалы, бейөкмөт уюмдарга муфтият да кирет. Аларга жардам берген уюмдар илээшип калса, канча деген кайрымдуулук иштер токтоп калат. Бул жерде кийин кандай аткарылып калат, кептин баары ошондо».
Жакында эле депутаттык мандатын алган Кубанычбек Самаков мыйзам долборун колдогон.
«Мен азырынча «макул» деп добуш бердим. Бирок, мыйзамда менин оюмча туура эмес учурлар бар экен. Финансылык отчёт боюнча колдойм. Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүгө каршымын. Себеби ал жакта 5-10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Тил менен кылынган кылмыш кол менен жасалган кылмышка тете болбошу керек деп ойлойм».
«Чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон 52 депутаттын катарында Ырысбек Атажанов да бар.
«Биз эң биринчи мамлекетибизди өйдө коюшубуз керек. Бул мыйзам аркылуу көзөмөл болот. Дүйнө тынч эмес, ошондуктан «ар кандай уюм келип алып, ызы-чуу салбасын» деген максатта макул болдум. Сын-пикир боюнча айта турган болсом, дайыма эле айтылат. Биз эң башкысы, мамлекетибизди ойлошубуз керек».
Белгилей кетсек, «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун Надира Нарматова демилгелеген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери катары 32 депутат көрсөтүлгөн. Кийин демилгечи топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.
Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.
16-сентябрда 120 бейөкмөт уюмдун өкүлү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик өкүл» мыйзамын четке кагууга чакырышкан. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.