Connect with us

Чет жердеги согушка катышып көз жумгандарга кенемте бербөө сунушталды

Коом , Экономика | 25 Окт 2023 | 1088 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги согуштук аракеттерге катышып, каза болгондордун сөөгүн «Жүк-200» аркылуу Мекенине жеткирүү үчүн кенемте төлөбөөнү сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Демилге кыргызстандык жарандардын чет өлкөдө жүрүп жаткан согуштарга тартылуусуна бөгөт коюу максатында иштелип чыккан. Муну менен катар министрлик кыргызстандык жарандардын чет жактагы куралдуу кагылышууларга же аскердик операцияларга катышуусуна мыйзам чегинде тыюу салынганын эскертет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги согуштук аракеттерге катышып, каза болгондордун сөөгүн «Жүк-200» менен Мекенине жеткирүү үчүн кенемте төлөбөөнү сунуштап жатат.

Министрликтин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун администрациялык колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Чыңгызбек Бейшенов Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кыргыз жарандары атайын уруксатсыз согуштарга катышуусуна болбой турганын белгиледи.

Анын айтымында, токтом долбоору чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандардын согушка тартылышына бөгөт коюу максатында даярдалган.

«Азыр социалдык тармактарга ар кандай видеолор тарап жатат. Анда Орусияда жүргөн кыргыз жарандары орус-украин согушуна катышкандыгы белгилүү болууда. Буга байланыштуу ошол жакта жүрүп, согушка катышкандарга кенемте төлөбөө боюнча өкмөттөн тапшырма берилди. Андан кийин биз бул жаатта токтомдун долбоорун иштеп чыктык. Учурда коомдук талкууга коюлду. Ал жактан кандай сунуш-пикирлер келет, карайбыз. Министрликтерге да макулдашууга алдын ала жөнөтүлөт. Алардан да сунуштарды күтөбүз».

Буга чейин Москва шаарында мигранттарды согушка үндөгөн кагаздар ачык эле таркатылып жатканы айтылган. Орус-украин согушу жүрүп жаткан аймактарга борбор азиялык мигранттарды жумушчу күч катары алып кетип жатканы белгилүү болгон.

Москва шаарындагы «Ноокат» коомунун жетечиси Толкунбай Акматов учурда орус-украин согушуна орус жарандыгы барлар гана катышып жатканын белгиледи.

Айтуусунда, өз кызыкчылыгы үчүн, башкача айтканда, акчага азгырылып согушка кетип жаткан мигранттар да бар.

Ал өз өмүрүн тоболкелдикке салып, куралдуу кагылышууга барган мигранттардын өмүрүн камсыздандырбоо сунушун туура деп эсептейт.

«Эгер кыргыз жарандары катышып калса, аларга компенсация төлөбөө туура эле нерсе. Биринчиден, алар согушка акча үчүн барып жатышат. Өз кызыкчылыгы үчүн барып, каза болуп калса, алардын жүгүн мамлекет көтөргөнү туура эмес. Мамлекет деген — эл. Мамлекеттин акчасы — элдин акчасы. Туура сунуш киргизип жатышат. Бизге тиешеси жок нерсеге катышпаган эле жакшы. Ал эми Кыргызстанда болсо, патриотизм деп барса болот. Бул жерде өзүн, ата-энесин, жакындарын тобокелге салып барып каза болгону же жарадар болгону кереги жок нерсе».

УКМК чет мамлекеттеги куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышкан жарандар жоопкерчиликке тартыларын, Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин негизинде 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратыларын эскерткен.

Юрист Бексултан Осмонов алгач мигрант кандай себеп менен согушка барганын аныктоо керектигин белгиледи.

Ал мигранттардын арасында өз ыктыяры менен же аргасыз барууга мажбур болгондор бар экенин айтат.

Юрист мындай учурда согушка катышкан адамдын жана жакындарынын укуктары бузуларын кошумчалады.

«Мамлекеттик бюджеттен көптөгөн акчалар ысырап болууда. Ал баарына белгилүү. Чет жактагы согуштарга биздин жарандар контракт аркылуу катышып жатышат. Дүйнө жүзүндө көйгөйлөр көп. Согуштар көбөйүүдө. Ошол себептен көптөгөн адамдар өздөрү барып катышканы үчүн бюджеттен акча кетпесин деген ойлор сунушталууда. Эгер токтом долбоору күчүнө кире элек учурда каза болгон адамдарга каржылоону беришпесе, бул юридикалык жактан туура эмес. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, согушка баргандарга карата андай каржылоо токтотулат. Экинчи жагынан бул адамдарды бөлүү болуп саналат. Бирөөгө каржылоо берилсе, экинчисине берилбейт».

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин депутаты Ырысбек Атажанов билдиргендей, миграция кызматы чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоп, аларга жардам берүүгө милдеттүү.

Анын айтымында, Миграция кызматы чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турушу керек.

«Миграция кызматы чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Учурда көптөгөн жарандарыбыз алдануу жолу менен кетип калып жатышат. Аларды алдап согушка да жөнөтүп жатышат, туура эмес маалыматтарды берип жатышат. Атайын кызмат мындай нерселердин алдын алышы керек. Мындан сырткары чет өлкөдө согушка катышууга тыюу салып, талап коюу керек».

Расмий маалыматтар боюнча алсак, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү үй-бүлөдө бирден адам жок дегенде бир жылга чет жерде иштеп келет. Алардын дээрлик көпчүлүгү адам өмүрүнө коркунуч алып келген чөйрөлөрдө эмгектенет.

Чет жерде эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын ичинен жыл сайын 300гө жакыны ар кандай себептерден каза табат. Алардын сөөгүн Мекенине алып келүү үчүн кыйла эле каражат сарпталат. Мындан улам эки жыл мурун сыртка чыккан ар бир жаран өз өмүрүн кепилдеп кетүүсү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, эми чет өлкөгө иштеп келүүнү каалаган жарандар өз өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандырып коюп кетиши керек болот.

Copyright © 2017 Maral FM