Биз менен байланышыңыз

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башпрокурорлорунун үчүнчү жыйыны Бишкекте өтөт

Без рубрики | 25 Окт 2023 | 64 | 0

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башпрокурорлорунун үчүнчү жыйыны Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Көзөмөл кызматы кабарлады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган өкүлчүлүк Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин башпрокурорлор Кеңешинин экинчи отурумуна катышууда.

Кеңешмеде көзөмөл органдын жетекчилери түрк тилдүү өлкөлөрдүн мейкиндигинде трансулуттук кылмыштарга биргеликте чара көрүү, аларды болтурбоо максатында тыгыз кызматташуу маселелерин карашты. Жыйындын соңунда башкы прокурорлор эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган Декларацияга кол коюшту.

Аны менен катар Курманкул Зулушев берген кеңештин үчүнчү жыйынын Кыргызстанда өткөрүү сунушу жалпы колдоо тапты.

Отурум аяктагандан кийин түрк тилдүү мамлекеттердин башкы прокурорлорун Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган кабыл алды.

Иш сапардын алкагында Курманкул Зулушев Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч жана башкы прокурору Бекир Шахин менен жолугушуу өткөрдү.

Кездешүүдө тараптар эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташтыгын бекемдөө, тажрыйба алмашуусун жакшыртуу, кылмыш иштер боюнча бири-бирине укуктук жардам көрсөтүү, жоопко тартыла турган адамдарды өткөрүп берүү жагдайлары сүйлөшүлдү.

Курманкул Зулушев андан тышкары Түркиянын башкы прокурорунан Кыргызстандын жарандары жабырлануучу болуп жаткан кылмыштарды тергөөнү көзөмөлгө алууну, Кыргызстандын жарандарына зарыл болгон юридикалык жардамдарды берүүнү өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM