Биз менен байланышыңыз

Коргошун кошулган оюнчуктар балдарды ууландырышы мүмкүн

Ден соолук | 24 Окт 2023 | 3652 | 0

Кыргызстанда коргошундун балдардын ден соолугуна тийгизген таасири изилденет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, изилдөө мектепке чейинки балдар арасында жүргүзүлөт. Буга байланыштуу министрлик коомдук уюмдар менен беш жылдык долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол койду. Ал эми дарыгерлер балдар көбүнчө оюнчуктардын, идиш-аяктардын курамындагы коргошундан ууланарын белгилешет. Алар балдарга оюнчук тандоодо, идиш тандоодо эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып беришти.

Кыргызстанда коргошундун мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугуна тийгизген таасири изилденет.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги «ЭКОИС-Бишкек» коомдук уюму жана Pure Earth (АКШ) кайрымдуулук уюму менен биргеликте «Коргошундун таасирин азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо» беш жылдык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Долбоордун максаты: балдарды уулануудан коргоо жана коргошундун уулуу таасирин аныктоо, мониторинг жүргүзүү, дарылоо жана азайтууга чара көрүү.

Педиатр Диляра Исхакова балдарга оюнчук алардан мурун сапатына жана баасына көңүл бурууну эскертип, жытына, өңүнө карап, лицензиясы бар тастыкталгандарын гана сатып алуу керектигин сунуштайт. Ошондой эле дарыгер балдардын жаш курагына жараша оюнчук тандоону кошумчалады.

«Балдарды бир айынан баштап шылдырак оюнчуктар менен ойното баштайбыз. Бала 6-7 айында оюнчуктарды жерге чапкылап, кармап ойногонго жарап калат. Бул учурда чоңураак оюнчук алып берүү керек. Ошондой эле сапаты жакшы оюнчук менен ойнотуу зарыл. Себеби тогуз айынан тарта бала оозуна сала баштайт. Көпчүлүк оюнчуктун боёгу чыгып, жыттанышы мүмкүн. Себеби анда кандайдыр бир уулуу заттар болот».

Балдар дарыгери Майрам Серкебаева балдар оюнчуктун, идиш-аяктын курамындагы коргошундан ууланышы мүмкүн экенин, коргошун балдардын ден соолугу үчүн өтө уулуу зат экенин айтат. Мындан улам ата-энелерге экологиялык жактан таза идиш-аяктарды колдонууну сунуштайт. Ал үчүн идиш-аяк алып жатканда тастыктамалары менен сөзсүз түрдө таанышып чыгуу керектигин эскертти.

«Бала алты айга толгондон тарта кошумча тамак бериле баштайт. Ошол учурда ар кандай көйгөйлөр пайда болот. Биз экологиялык жактан таза, балага пайдалуу, ар кандай жыттарды, ар кандай уулуу заттарды чыгарбай турган идишке бергиле деп сунуштайбыз. Мисалы, фосфор, керамика, же болбосо айнек идиштерди. Бирок аларды да карап туруу керек. Айнек идиш сынып калышы, сыныктарды бала кармап, бир жерин тилдирип алышы мүмкүн. Көпчүлүгү учурда пластик идиштерге өтүп жатышат. Бирок аларды этият колдонуу керек. Алардын да бир канча түрү бар».

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орун басары Назира Жумалиева коргошундун баланын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу буларга токтолду:

«Коргошун баланын организмине, мээнин калыптанышына өтө зыян. Баланын таанып-билүүдөгү, аң-сезимдин өсүшүндөгү процесстерди төмөндөтөт, өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Коргошундан уулануунун белгилери билинбестен өөрчүп кетет. Бул чогула берип, аягында акыл-эсинин кем болушуна алып келет. Мындан сырткары кулактын угушуна жана көздүн көрүшүнө да терс жагын тийгизет».

Коргошун – бардык эрүүчү бирикмелери уу химиялык элемент.

Дем алуу жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо адамдын ичи ооруп, кан басымы жогорулап, аз кандуулук, полиневрит байкалып, шалдырап калышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM