Биз менен байланышыңыз

ЖИА бизнес-ассоциациясы кармалган ишкерлер боюнча президентке кайрылды

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 674 | 0

ЖИА бизнес-ассоциациясы соңку учурда кармалган ишкерлер боюнча президентке кайрылып, жеке менчикти коргоо, ишкерлерди колдоо үчүн адилеттүү эрежелер болушун камсыздоого чакырды.

Кайрылууда ЖИА бизнес-ассоциациясы президенттин буга чейин чыгарган «Жеке менчикти коргоо жөнүндө», «Ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» аттуу эки жарлыгынын маанилүүлүгүн, аталган жарлыктар ишкерлерге стимул берип, алардын укугу, кызыкчылыктары жана менчик мүлкү мамлекет тарабынан корголоруна үмүттү арттырганын баса белгилеген.

Тилекке каршы, учурда бир катар ишкерлердин кармалышы, бизнес коомчулугунда тынчсызданууну жана белгисиздикти пайда кылып жатканын да кошумчалаган ЖИА бизнес-ассоциациясы.

«Мындай кадамдар улана берсе, анда өлкөгө келип жаткан инвестициялардын көлөмү азайып, бизнестеги активдүүлүк төмөндөшү мүмкүн. Сырткы жана ички инвесторлорду өлкөнүн экономикасына салым кошууга чакыруу бизнесте жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу, ишенимдүү ишкердик чөйрөнү пайда кылуу туруктуу саясат менен ишке ашуусу керек.

Биз экономиканын узак жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган, жеке менчикти коргоо, ишкерлерди колдоо үчүн адилеттүү эрежелер так болуп, коррупциянын алдын алган мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө чакырабыз. Мындай кадамдар ишкерлердин өз каалоосу менен төккөн салыктары көбөйүп, ал өлкөнүн экономикасын жана коомду туруктуу өнүктүрөт деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

ЖИА бизнес-ассоциациясы кайрылуусун президент Жапаровдун Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөздөрү менен жыйынтыктап, «стабилдүү экономика, бизнестин ачык жана таза болушу, ишкерликтин өнүгүүсү — өлкөнүн жаркын келечегинин ачкычы. Инвестициялар бир гана социалдык-экономикалык өнүгүү эмес, жаңы жумуш орундары, заманбап башкаруу тажрыйбалары, аймактардын өнүгүшү жана өлкөнүн экспорттук потенциалынын өсүүсү» дегенин мисалга тартышкан.

Белгилей кетсек, жакында эле өлкөдөгү ири курулуш компаниялардын жетекчилери укук коргоо органдары тарабынан кармалып, убактылуу абак жайына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM