Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Монголияга 624,9 миң долларга айыл чарба продукциясын экспорттоду

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 270 | 0

Өткөн жылы Кыргызстандын Монголия менен айыл чарба продукциясы боюнча соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2,8 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Былтыр Монголиядан Кыргызстанга айыл чарба продукциясынын импорту 357,2 миң долларды түздү. Анын ичинде эң көп тазаланбаган табигый шеллак; сагыздар, чайырлар жана башка өсүмдүк ширелери жана экстракттары импорттолгон. Бул 128,8 миң долларды түздү.

Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган майлар 14,0 миң АКШ доллары суммасында экспорттолгон.

Быйыл январь-август айларында Кыргызстандын Монголия менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 624,9 миң АКШ долларын түздү.

Импорт 179,1 миң доллар, анын ичинен эт жана эт сүт продуктулары 70,2 миң доллар, сүт азыктары 68,5 миң доллар, шеллак 26,5 миң АКШ доллар, жаныбарлардан алынган майлар жана майлар 14,0 миң АКШ долларын түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM