Биз менен байланышыңыз

Президент дипломатия кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 218 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Жапаров белгилегендей, дүйнөдө жүрүп жаткан геосаясий жана аскердик-саясий процесстер эл аралык коопсуздукка, туруктуулукка келтирген коркунучтар менен чакырыктарды күчөттү, дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрүн кескин курчутту.

Дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн чечимдерди кабыл алууда жана тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүдө ийгиликтерди алып келүүдө.

«Биз Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде белгиленген максаттарга, күтүлгөн натыйжаларга жетүүнү жана аларды жүзөгө ашырууну улантабыз. Мындан улам сиздердин толук колдооңуздарга, кесипкөйлүгүңүздөргө жана мекенчилдигиңиздерге ишеним артам. Тышкы саясий иш-чараларды өткөрүүдөгү жоопкерчилик, креативдүү сунуш-пикирлер үчүн, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын бекемдөө, Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелерин илгерилетүү жана чет өлкөлөрдө биздин жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы натыйжалуу ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем», — деди Садыр Жапаров.

Дресс-код: дүйнөдө мамлекеттик кызматкерлер кантип кийинет?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM