Биз менен байланышыңыз

24-октябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 462 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

24-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17.

Бишкекте 24-октябрга караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM