Connect with us

Газага гуманитардык жардам жүктөгөн экинчи кербен кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 596 | 0

БУУнун башкатчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс 14 унааны камтыган гуманитардык жардам жүк ташуучу унаалардын экинчи кортежи Газа тилкесине киргенин билдирди. Аны бир нече сааттык текшерүүдөн кийин гана киргизишкен.

20 жүк ташуучу унаадан турган биринчи жардам 21-октябрь күнү жеткирилген.

Бул жардамды бөлүштүрүү жекшемби күнү башталган, бирок гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү азык-түлүк, суу жана күйүүчү майдын азайышы менен гуманитардык катастрофа болот деп эскертишүүдө.

ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулунан кийин Израил секторду толук блокадага алган.

Рафах өткөрмө мункту Израилдин аймагына кирбей туруп, Газага кирүү жана чыгуунун негизги чекити. Палестина бийликтеринин айтымында, кырдаал начарлап бараткан Газага гуманитардык жардам жеткирүүнүн жалгыз мүмкүн болгон жолу ушул өткөрмө пункту.

БУУнун өкүлдөрүнүн айтымында, Газадан чыга албай калган жарандардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн күнүнө эң аз 100 жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам киргизүү керек болот. Акыркы жаңжалдын алдында анклавга күн сайын бир нече жүз жүк ташуучу унаалар келип турган.

BBC орус кызматынын жазганына караганда, ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлиги 7-октябрдан бери аймактын тургундарынын арасында жоготуулар боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, 4651 адам мерт болду, анын ичинде 1873 бала, 1101 аял, 1677 эркек набыт болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM