Биз менен байланышыңыз

Бомба тууралуу маалыматка байланыштуу үч мамлекеттик мекеме курчоого алынды

Кыска кабар | 19 Окт 2023 | 209 | 0

Бишкекте бүгүн, 19-октябрда Жогорку Соттун, Ленин райондук сотунун жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттары курчоого алынды.

Маалыматты шаардык милициядан тастыкташты.

Ички иштер бөлүмүнө бул мекемелерге бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.Окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатат, мекемелердин кызматкерлери эвакуацияланды.

Бир күн мурун үч мектепте бомба бардыгы тууралуу маалымат түшүп, кийин жалган болуп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM