Биз менен байланышыңыз

Карындашын коргоп, ок аткан адам абактан бошотулду

Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 301 | 0

Чүйдө карындашын коргоп, ага ыдык көрсөткөн айдоочуга ок чыгарган жаран абактан бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров кабарлады.

Чүй облустук сотунун 17-октябрдагы өкүмү менен Сухраб Жумакуловго жабырлануучу тарап менен түзүлгөн келишимди эске алуу аркылуу бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, сот залынан бошотулду.

Сухраб Жумакуловго Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгү (бейбаштык максатта) жана 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (аффект абалында адам өлтүрүү) алмаштырылган.

2022-жылы 1-июлда саат 08:30 чамасында милицияга Бишкек – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке келип, 1975-жылы туулган И.Р.нын сөөгүн табышкан. Ал тез жардам кызматы келгенге чейин октон алган жараатынан каза болгон.

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган жаран Ж.А. болжол менен саат 07:45те Токмоктун аялдамасынан таксиге отурган. 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жаран рулда болгон.

Айдоочу жолдон унааны токтотуп, кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылган. Кыз унаадан түшүп, агасына чалып, окуя тууралуу айтканга үлгүргөн. Андан кийин ал ошол учурда жүргүнчүнү түшүрүү үчүн токтогон башка унаага түшүп кеткен. Айдоочу ал унааны кубалап жетип, жолду тосуп эч себепсиз кызды кармап сабап, унаадан түшүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда кыздын агасы келип, окуяны көрүп, айдоочуну травматикалык тапанча менен атып жиберген.

Кийин ага кылмыш иши козголгон. Карындашы агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM