Биз менен байланышыңыз

УКМК Даниел Ажиевден 500 миң доллар алынганын билдирди

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 337 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы вебкам-студия иштеткен Даниел Ажиевдин мыйзамсыз иштеринен мамлекетке 500 миң АКШ доллары алынганын кабарлады.

Интернет айдыңында Даниел Ажиев акчаны өз ыктыяры менен бергени тууралуу кептер тараган.

«Айрым интернет-ресурстарда Даниел Ажиев бюджетке демөөрчүлүк катары 44 млн сом өлчөмүндө каражат берди деген маалыматтарга байланыштуу, УКМК төмөнкүлөрдү белгилейт. Даниел Ажиев баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн тергөөгө 500 миң доллар акча каражатын сунуштап келген. Жыйынтыгында Ажиевдин жубайынан алынган 500 миң АКШ доллары камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

УКМК веб-камера студияларынын (атайын интернет-ресурстар аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү) ишин координациялоочу трансулуттук кылмыштуу топту уюштурган Даниел Ажиевге карата кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатканын билдирет.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Ажиев башка өлкөнүн жарандарынын ичинен 300дөн ашык «веб-камера моделдеринин» операторлору кирген адамдардын тобун жетектегени аныкталган.

Мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын алдын ала жүгүртүүсү ай сайын болжол менен 300 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул иш боюнча топтун 8 активдүү мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, алардын алтоосу, анын ичинде Даниел Ажиев кармалып, экөөнө издөө жарыяланган.

Даниел Ажиев Өзбекстанда 2023-жылдын 5-июнунда веб-камера студияларын уюштурган деген айып менен кармалган. Биринчи Май райондук соту аны алгач 29-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Кийин камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 29-ноябрына чейин узартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM