Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өлчөнгөн алтын куймалары чыгарыла баштайт

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 236 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун «Аффинаж заводунун» филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушуна капсула салды.

Бул ишкананын курулушу өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча Кыргызстандын эгемендигинин тарыхындагы биринчи ишкана.

Буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат.

Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италиянын жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.

Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM