Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 18-октябрга караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +15…+20.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21 градус болот.