Connect with us

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 410 | 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, судья К.Н.Т. каралып жаткан кылмыш иштен актап берүү үчүн айыпталуучудан 2 миң доллар пара сураган. УКМКнын жүргүзгөн чаралардын натыйжасында судья сураган парасын алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Иликтенген иштин алкагында судьядан тышкары «пара өндүрүүдө ортомчулук кылган» деген шек менен судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана жакын досу Т.М.Ш. да кармалган. Аны менен катар судьянын тууганы Т.Н.Н. жана эжеси К.А.Т.нын банк аркылуу которулган акчаларды алып турганы такталып, Т.Н.Н. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

5-сентябрда Башкы прокурор аталган судьяга Кылмыш-жаза кодексинин 342-343-беренелери (опузалап пара талап кылуу жана алуу) менен экинчи иш козгогон.

16-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ачык булактардан алынган маалыматтар аркылуу пара алууга шектелген судья Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич экени такталды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM